Кыргызстандык калыстар Азия кубогунун тандап алуу оюндарында беттешти тейлешти




2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында өткөн беттештердин бирин ата мекендик калыстар тейлешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Макао – Бруней беттешинде кыргызстандык ФИФА калысы Нурзатбек Абдыкадыров арбитрлер бригадасын жетектеди.
Ошондой эле каптал сызыктарда ага Элдияр Салыбаев жана Канат Мырсабеков жардам беришти.
Ал эми Дайырбек Абдылдаев резервдик арбитрдин милдетин аткарды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.