super.kg logo

Чүйдө мас абалында айылдашын өлтүрүп алган шектүү кармалды

 

Кемин районунда мас абалында адам өлүмүнө алып келген мушташка шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Чүй ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-сентябрда саат 12:00 чамасында Ильич айылындагы үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Анда 40 жана 38 жаштагы айылдаштар спирт ичимдигин ичип отурушуп мушташа кетишкен. Натыйжада 40 жаштагы жаран оор жаракат алып, Кемин районунундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жабырлануучу эсине келе албай көз жумган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) 3-пунктунун (Этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1986-жылы туулган Ш.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: