super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 мамлекетке аргымактарды даярдап бергени айтылды (тизме)

 

Кыргызстан Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 мамлекетке аргымактарды даярдап берген. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев бүгүн, 16-сентябрда маалымат жыйында айтты.

Анын айтымында, АКШ, Орусия, Түркия жана Өзбекстандын көк бөрүчүлөрүн окуу-машыгуулардан өткөрүп, аттарын даярдап беришкен.

"Астанага чейин жалпы 78 ат алып барып бердик. Оюндар жакшы өттү. Өзүбүздүн максатыбыз болгон көк бөрүнү даңазалоо боюнча жемиштерди алдык десек жаңылбайм. Көк бөрү оюнун дүйнөгө жакшы жагынан көрсөтө алдык. Биз аларга жөнөкөй аттарды эмес, Кыргызстанда эң мыкты делген, Жогорку лигада ойногон аттарды бердик. Биздин көк бөрүнү ойногон мамлекеттердин баары ыраазычылыгын билдирди", - деди Жунусалиев.

Ошондой эле ал көчмөндөр оюндарына даярдыктар 10-майдан баштап Чолпон-Ата шаарында өткөнүн кошумчалады.






16.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: