Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды
Күрөш федерациясынын жаңы президенти болуп Эркин Тентишев шайланды. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарланды.
Андагы маалыматка караганда, кезексиз шайлоо конференциясы 14-сентябрда Бишкекте өткөн.
Ал эми буга чейинки Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев өз каалоосу менен арыз жазган болчу.
Белгилей кетсек, Эркин Тентишев буга чейин Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.