super.kg logo
  Спорт  

Кудайбергенов көкпардын финалында чырдан кийин оюнду улантууга эмне түрткү болгонун айтты (видео)

 

Көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы жер улак боюнча финалдык беттеште чыр чыккан соң кыргыз курамасы эмне себептен оюнду улантканын түшүндүрдү.

Ал Казакстандагы адилеттүү адамдар себеп болуп оюнду улантууга мажбур болушканын айтты.

"Жарым сааттан кийин коопсуздук кызматында иштеген бир киши келип калыстарга, "Кыргыздардын талабын аткаргыла дагы, оюнду баштагыла! Силер элдин сезими менен ойнобогула. Көрүүчүлөрдүн арасында терс маанай жарала баштады, эгерде эл чабышып кетсе бул оюнуңар эч нерсеге арзыбай калат" деди. Ал жерде башкы калыс казак оюнчуларына кызыл айып кагазын бербей турганын ачык эле айтты. Аякта чоң система экен.

Ошол жерде оюнду улантканыбыз үчүн бизди да көптөр айыптап жатат. Нарктуу элдин урпактары, чоң устаздардын шакирти катары акылдашып туруп, эки дос мамлекеттин, элдин ынтымагы үчүн оюнду уланттык", - деди Кудайбергенов.

Эске салсак, 12-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жер улак боюнча беттештин финалында кыргыз улакчылары казак атаандаштарына 4:5 эсебинде жеңилип калган. Биринчи таймда эки команданын ортосунда чыр чыгып, оюн 15 мүнөттөй үзгүлтүккө учураган.

Көк бөрү федерациясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көкпар мелдешинин финалдык беттешинин жыйынтыгына нааразычылык билдирген.






16.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: