super.kg logo

Кеминде дээрлик 120 миллион сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

 

Чүй облусунда колбаса азыктарын өндүрүүчү ишкана жайгашкан базар баасы 119 миллион 937 миң сомду түзгөн жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кемин районундагы мурда касапкана жана колбаса чыгаруучу ишкана болуп саналган курулуштары бар аймак мамлекеттин балансына кайтарылды. Аталган объектти 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келгени аныкталган.

Атайын кызмат мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: