super.kg logo

Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Эртеңки күнгө карата аба ырайы 

 

Эртең, 17-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Ага ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, ал эми бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24 градус жылуу,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндуз +22…+27,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,

Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23 градус,

Бишкек шаарында түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+23 градус жылуу болот.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: