super.kg logo

Дүйшөнбек Зилалиев 4-ноябрга чейин камакка алынды

 

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 4-ноябрга чейин СИЗОго камалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 16-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Сот Биринчи май райондук сотунун 14-сентябрдагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылганын белгиледи.

"З.Д.га карата тергөөнүн жүрүшүндө 4-ноябрга чейин камакка алуу чарасы колдонулган", - деп белгилейт райондук сот.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбековду кармаганын айрым маалымат кызматтары жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: