super.kg logo

Ошто Тилла каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

 

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда милицияга Кара-Суу районунун 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 10-июль күнү И. аттуу жаран Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын "убактылуу пайдаланып турайын" деп алып, башка бирөөгө карызын төлөө үчүн берип жибергендигин айткан.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган И.И. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал Тилла каймана аты менен ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турары такталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн үстүнөн дагы 3 жабырлануучудан ушундай эле мазмундагы арыздар түшүп, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 4 миллион 800 миңден ашуун. Шектүү жарандар менен сүйлөшкөндө Өзбекстандын криминалдык чөйрөсүндөгү таанымал адамдар менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп жүргөндүгү маалым болду", - деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.






16.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: