Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты
Солдон оңго: Догдурбек Чонтоев жана Төлөбек Абдырахманов
Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Догдурбек Чонтоев ректор болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, Абдырахманов КУУнун ректору болуп 2022-жылдын август айынын соңунда дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

