super.kg logo

Бишкекте 55 жаштагы аял ири алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектелип 55 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-август күнү милицияга Э.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 20-апрелде Б.Л. аттуу аял "көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир сатам" деп 70 миң доллар турган Range Rover Velar, 35 миң долларлык Lexus ES 350 үлгүсүндөгү унааларын жана 16 миң 500 долларын алып, из жашырып кеткенин айткан. Натыйжада жабырлануучуга 12 миллион 415 миң сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1969-жылы туулган Б.Л. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: