super.kg logo

"Миңдеген тургундар эвакуацияланып, аба каттамдар токтотулду". Шанхайда эң күчтүү тайфун болду (видео)

 

Бүгүн, 16-сентябрда таңга маал Шанхайды 1949-жылдан берки эң күчтүү бороон катары сыпатталган "Бебинка" тайфуну каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кытайдын Метеорология башкармалыгы тайфунду 1-категориядагы бороон деп атады, эпицентрде шамалдын ылдамдыгы 151 чакырым саатка жетти. Бийлик тайфунду алдын алып, 15-сентябрда шаар жетекчилиги 400 миң адамды эвакуациялаган.

Шанхайда мындай ири кырсыктар сейрек учурайт. Тайфун шаардын калкына түздөн-түз коркунуч туудургандан тышкары, туристтерди да чочуткан.

Тайфундан улам токтотулган каттамдар менен поезддерден тышкары, шаардагы бир нече пансионаттар, анын ичинде эң ири Шанхай Дисней курорту, Цзиньцзян оюн-зоок паркы жана Шанхай жапайы жаныбарлар паркы убактылуу жабылган. Ошондой эле шаар жетекчилиги унаа жолдорду жаап, айдоочуларга 40 чакырым сааттан ашууга тыюу салды.






Шанхайда тайфун болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: