Эл аралык “Miss Cosmo-2024” сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан Екатерина Заболотнова барат
Кыргызстандык Екатерина Заболотнова эл аралык “Miss Cosmo-2024” сулуулар сынагына катышат. Бул тууралуу "Мисс Кыргызстан" сулуулар сынагынын уюштуруучулары кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкө намысын коргой турган Заболотнова бүгүн, 16-сентябрда сынакка катышуу үчүн Вьетнамга жөнөп кетти. Аталган мелдешке 70 өлкөдөн келген сулуулар катышат. Сынактын баш байгеси 100 миң доллар.
Екатерина Заболотнова акыркы 3 жылдан бери Түштүк Кореяда жашайт. Ал жакта модель болуп иштеп, Кыргызстандын атынан маданий долбоорлорго активдүү катышып келет.
Белгилей кетсек, кыргызстандык сулуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз катышуучу экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.