super.kg logo

Израил Газадагы Нусейрат качкындар лагерине чабуул жасап, 10 киши набыт болду

 

16-сентябрга караган түнү Израилдин аба күчтөрүнүн Нусейрат лагерине жасаган чабуулунун натыйжасында 10 палестиналык набыт болуп, кеминде дагы 13 киши жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгондордун арасында аялдар жана балдар бар экенин билдирди. Аба соккусу качкындардын үй-бүлөлөрү баш калкалаган лагердеги турак жайга урулган. Куткаруу топтору Израилдин мындан аркы соккуларынын олуттуу коркунучуна карабастан, лагердеги урандылардын астынан аман калгандарды издөөнү улантууда.

Израилдин Газага чабуулу башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери 41 миң 206 палестиналык, анын ичинде 11 миң 378 аял жана кеминде 16 миң 795 бала курман болуп, дагы 95 миң 337 киши жарадар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: