Ысык-Көлдө 9 жашар секелекти зордуктоого шектелип 25 жана 19 жаштагы айылдаштары кармалды
Жети-Өгүз районунда 9 жашар кыз 2 жигит тарабынан зордукталган. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 9-сентябрда Барскоон айылында болгон. Ошол эле күнү милицияга кыздын апасы арыз менен кайрылып, 2 адам кызын сабап, зордукташканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары ошол эле айылдын 25 жана 19 жаштагы тургундары кармалып, эки айга камакка алынышкан.
Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.