super.kg logo
  Спорт  

Футзал: Тажикстандын тарыхый беттешинде 6 гол жаралды

 

Коңшу Өзбекстанда өтүп жаткан футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунда Тажикстан курама командасы Марокко курамасы менен беттешти.

"Е" тайпасындагы оюн Ташкенттеги "Хумо Арена" стадионунда өтүп, 2:4 эсебинде Тажикстандын жеңилүүсү менен аяктады. Марокко курама командасынан голдорду Осман Бумезу (1-жана 29-мүнөттө), Соуфиан Чаррауи (37) жана Идрис Райс Эль Фенни (38) киргизди. Тажикстан курама командасынын курамында Самандар Ризомов (34) жана Файзали Сардоров (39) өзгөчөлөндү.

Муну менен Марокко курамасы тайпадагы алгачкы 3 упайын алды.

Белгилей кетсек, бул беттеш Тажикстандын курама командасы үчүн тарыхый болуп калды. Себеби коңшу өлкөнүн курамасы Дүйнө чемпиондугунда алгачкы ирет ойноп жатат.

Кийинки беттешин Тажикстан 19-сентябрда Португалияга каршы өткөрсө, ошол эле күнү Марокко Панама менен ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: