super.kg logo

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга кетти. Президентти коштоп кеткендердин тизмеси

 

Бүгүн, 17-сентябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы анда “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышат.

Расмий делегациянын курамындагылар:

  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;
  • Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;
  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

"Сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германиянын ишкерлери менен жолугушуусуна катышат. Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: