Эмгек министрлиги: "Өлкөдө 8 миңден ашык бош жумуш орун бар"

Ага ылайык, төмөнкү кесиптер боюнча бош орундар бар:
- Мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 325;
- Саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, медайым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 581;
- Кассирлер – 151;
- Соода агенттери – 63;
- Менеджерлер – 59
- Бухгалтерлер – 46;
- Юристтер – 25;
- Экономисттер – 7;
- Инженер-куруучу – 48;
- Психологдор – 18;
- Тигүүчүлөр – 2276;
- Курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 814;
- Айдоочулар – 463;
- Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (чачтарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 789;
- Ар тараптуу жумушчулар – 2344.
Орточо айлык ушул жылдын биринчи жарым жылдыгына карата:
- өнөр жай тармагында – 52 866 сом,
- курулушта – 34 554 сом,
- соода сатыкта – 37 601 сом,
- унаа тармагында – 46 165 сом,
- кызмат көрсөтүү тармагында – 27 679 сом,
- финансы тармагында – 62 298 сом,
- билим берүү тармагында– 25 112 сом,
- саламаттыкты сактоо тармагында – 21 368 сом түзөт.
Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна Кыргызстан ичинде 1899 номерине чалып (иш күндөрү саат 09.00-18.00 чейин) маалымат алса болот.
Мындан сырткары жарандар zanyatost.kg веб-порталынан республика боюнча бош орундар менен тааныша алат жана контакты блогунан ар бир райондун даректери жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.