super.kg logo

Карылар үйүндөгү SUPER.KG’нин каарманына Умрага жолдомо беришти (видео)

 

Карылар үйүндөгү 66 жаштагы Нарын Акматов эсиңиздеби? Ал SUPER.KG порталына берген маегинде Умра сапарына барууну көптөн бери кыялданып жүргөнүн айткан эле.

Акматов үйүн инисине алдырып, Кант шаарындагы карылар үйүнө өзү келгенин жана эңсеген кыялдарын, башынан өткөргөн сыноолорун сөз кылган.

Нарынбек Акматов 1959-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1976-79-жылдары Нарындагы Сельхоз техникумун аяктаган. 12 жыл мал дарыгери болуп эмгектенген. Анын эки уулу, бир кызы бар. Ал аялы балдарын алып, аны жалгыз таштап кетип калганын айткан.

"Жубайым таштап кетип калгандан кийин 8 жылдай бир үйдө жалгыз жашадым. Бир тууган иним ал үйдүн техпасортун өзүнө каттатып, мени кууп чыкты. Андан кийин атама бардым. Атамдын колундагы келини жактырбай, ал жактан да кууп чыкты. Ар жакта жүрө бербейин деп өзүм арыз жазып, карылар үйүнө келе бердим. Бул жакка келгениме 7 жыл болуп калды. 2017-жылдын апрель айында келгем. Бул жакта кароо аябай жакшы. Тамак-ашыбызды маал-маалы менен берет. Баарын убагында алмаштырышат", - деген ал.

Видео чыккан соң бир күн өтпөй Нарын Акматовго өлкөдөгү тур компаниялардын бири Умрага жолдомо белек кылган.

Толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: