super.kg logo

Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

 

Токмок шаарында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул туурасында УКМК бүгүн, 17-сентябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, бала бакча 2004-жылы «КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзу» тарабынан менчиктештирилип кеткен.

"Менчик ээси "КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзунун" башкы катчысы, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти А.З.А. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын ээси социалдык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюнуна алган. Ал 130 миллион сом наркындагы аянты 5375 чарчы метр жер тилкесин административдик курулушу менен кошо өз ыктыяры менен Токмок шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди", - деп жазылат анда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: