super.kg logo

Ошто баңгизат менен алектенген шектүү кармалды (видео)

 

Кара-Суу районунда мыйзамсыз баңгизат сатууга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга М. аттуу жаран мыйзамсыз баңгизат сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган М.уулу М. аттуу тургуну кармалып, бир айга камакка алынды. Ошондой эле анын жанынан табылган затка дайындалган соттук-химиялык экспертиза алынган заттар гашиш жана опиум экендигин аныктады.

Учурда тергөө иштери уланууда.






17.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: