super.kg logo
  Саясат  

 Садыр Жапаровдун учагы Астана аэропортуна конду

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Астана шаарына расмий сапары менен барды. Өлкө башчыны аэропорттон Казакстандын премьер-министринин орун басары Галымжан Койшыбаев тосуп алды.

Мамлекет башчысынын администрациясы билдиргендей, Жапаров Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) ишкерлери менен жолугушуусуна катышат. Ошондой эле Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: