super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

UFC президенти Маск менен Цукербергдин болбой калган беттешинин себебин айтты

 

UFC уюмунун президенти Дана Уайт америкалык миллиардер жана ишкер Илон Маск менен Meta компаниясынын жетекчиси Марк Цукербергдин беттешинин болбой калышынын негизги себебин ачыктады. Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары жазышты.

Ал буга чейин Маск менен Цукербергдин беттеши жөнүндө сөз кылганын айтып, өзү үчүн ачылыш болгон өзгөчө нерселерди жакшы көрөрүн баса белгилеген.

"Италиядагы Колизейдин администрациясы менен бул беттешти өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Бирок алар Колизейде мындай иш-чараларды өткөрүүгө уруксат беришпей турганын түшүндүрүштү. Мен бул беттешти чыныгы Колизейде өткөрбөсө болбой турганын түшүндүм", – деген UFC'нин президенти.

Белгилей кетсек, 2023-жылы июнь айында Марк Цукерберг менен Илон Маскты беттешүүгө чакырганы маалымдалган. Буга Цукербергдин Threads социалдык тармагы себеп болгону айтылып келет. Маск Цукербергдин Threads социалдык тармагы Twitter'дин ички купуяларына жараша курулганын айтып, Цукербергди рингге чакырган. Цукерберг дароо чакырыкты кабыл алып, мушташ Лас-Вегаста боло турганы айтылган. Алардын беттеши түз эфир аркылуу көрсөтүлмөкчү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: