super.kg logo

"Күнөөлүүлөр катуу жазага тартылат". ИИМ Жети-Өгүздө зордукталган 9 жашар кыздын ишин өз көзөмөлүнө алды 

 

Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда зордукталган 9 жашар секелектин ишин өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда Жети-Өгүз РИИБине 9 жаштагы кызды эки киши зордуктаганы тууралуу арыз түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Окуя ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, бардык зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүү тапшырылган.

Ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү катары Жети-Өгүз районунун 2005-жылы туулган Э.Э. жана 1999-жылы туулган О.А. аттуу тургундары кармалып, эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ИИМ мындай фактылар көңүл сыртында калбайт жана күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык катуу жазага тартылат деп ишендирүүдө.

Кечээ Ысык-Көл облустук милициясы окуя 9-сентябрда Барскоон айылында болгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: