super.kg logo
  Саясат  

"Чоңдор башка убакыт тапса". Депутат Масалиев Манас көчөсүндөгү тыгын көйгөй болуп жатканын айтты

 

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкектеги жол тыгын жоюлбай жатканын айтып, комитетке мэриянын имаратында көчмө жыйын өткөрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Чапаев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин унаа тыгыны пайда болуп жатат.

"Карасам Манас көчөсүндө бир мезгилде атайын унаа коштоосу менен кетип бара жатат. Ошондой убакта чоңдор башка убакыт тапса жакшы болот эле. Канча "Тез жардам" унаасы турат, канча киши турат? Канча адам кечигип жатат?" - деди депутат.

Ошондой эле Масалиев мэриянын троллейбустарды алуу, мектептерде жана ЖОЖдордо окуунун башталышынын графиктерин өзгөртүү иштери тыгынды жоё албай жатканын белгиледи.






Жогорку Кеңеш 17.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: