super.kg logo

Кайсы ооруга кабылган жарандар пенсиянын топтомо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда алса болот?

 
Өлкөнүн Социалдык фонду кайсы ооруга чалдыккан жарандар пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алса болорун билдирди.
Аларга төмөнкү оорулар кирет:
Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.
Кан оорусу:
  • курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
  • апластикалык аз кандуулук;
  • гемофилия.
Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:
  • кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
  • жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
  • жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу (анын ичинде өнөкөт аневризми);
  • жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
  • операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
  • эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.
Өнөкөт боор жетишсиздиги, боор циррозу:
  • В жана С гепатиттери - 4-5-стадиялар;
  • органдарды трансплантациялоого муктаж болгондор жана органдарын трансплантациялоону алгандар.
Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын алуу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: