super.kg logo

Жапониялык окумуштуулар улгайган адамдардын уйкусун жакшыртуучу суусундукту атады

 

Жапониянын Сидзуока борбордук изилдөө институтунун окумуштуулары порошок түрүндөгү матча көк чайы улгайган адамдардын уйкусун жакшыртарын аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы PLOS One журналына жарыяланды.


Окумуштуулар матча көк чайынын (Camellia sinensis өсүмдүгүнөн жасалган порошок көк чай) 99 улгайган кишилердин когнитивдик функциясына жана уйку сапатына тийгизген таасирин талдоого алышкан. 64 волонтёр когнитивдик функциянын субъективдүү төмөндөшүнө дуушар болушкан. Анда ал эс-тутумдун жоголушу менен көрүнгөн. Дагы 35 кишинин когнитивдик жактан жеңил бузулушу болгон – алардын эс-тутуму жана ой жүгүртүүсү теңтуштарынан салыштырмалуу начар иштеген.

Окумуштуулар ыктыярчыларды эки топко бөлүп, күн сайын эки грамм матча порошок же плацебо камтыган капсулаларды беришкен. Эксперимент башталгандан 12 ай өткөндөн кийин порошок чайын ичкен ыктыярчылардын социалдык көндүмдөрү жакшырган – алар башка адамдардын психологиялык абалын жакшыраак кабылдап, ошого жараша жүрүм-турумун жөнгө салышкан. Кошумчалай кетсек, матча капсуласын алган катышуучулардын уйкусунун сапаты да жакшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: