Баткенде 5 айдан бери издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды
Баткенде соттун өкүмүн аткарбай качып жүргөн жаранга издөө жүргүзүлүп, ал Бишкек шаарынан кармалып келди. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарынын 40 жаштагы С.А. аттуу тургунуна Кылмыш жаза кодексинин 370-беренесинин (Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбоо) негизинде иш козголуп, апрель айында издөө жарыяланган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында, шектүү С.А.нын жүргөн жерин аныктап, Бишкек шаарынан кармалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Милиция шектүүгө карата мурда кайсы иш боюнча сот өкүмү чыкканын тактаган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.