super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сулайманов: "Ысык-Көлдө скутерлерди колдонууга тыюу салуу керек" (видео)

 

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Сулайманов Ысык-Көлдө скутерлердин жүрүүсүнө тыюу салуу керектигин айтты.

Депутаттын айтымына караганда, скутерлер менен байланышкан кырсыктар көп катталып, адам өлүмү менен коштолуп жатат.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, гидроциклдер (скутер) боюнча көйгөйлөр көп болууда. Быйыл дагы өлүм болду, буга чейин деле болгон.

Ошондой эле эң маанилүүсү экология жабыркап жатат. Билесиңер, алардын түтүнү, майы баары сууга кетет. Сууга түшкөн кичинекей балдар, туристтер ошол зыяндуу заттарды жутуп алышат. Ошондуктан Ысык-Көлдө скутерлерди колдонууга тыюу салууну сунуштайм. Депутаттардан бул мыйзам долбоорду колдоп берүүнү суранат элем", - деди эл өкүлү.

Ал эми Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети Ысык-Көлдө гидроцикл тебүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.






Депутат Сулайманов: Ысык-Көлдө скутерлерди колдонууга тыюу салуу керек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: