super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында, Астана шаарында Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, анда кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы маселелери талкууланды.

Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигиндеги биздин маанилүү өнөктөшүбүздүн бири болгон Германия менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалаарын белгиледи. Ал кыргыз-герман кызматташтыгы активдешип жатканына канааттануусун билдирип, президент Франк-Вальтер Штайнмайердин өткөн жылы Кыргызстанга расмий сапары ийгиликтүү болгонун айтты.



Өз кезегинде Олаф Шольц Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи. Ошондой эле эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн көптөгөн темалар бар экенин белгилеп, бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири немис ишканаларын кызыктырган Кыргызстандан Германияга адистердин миграциясы маселесине токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-герман мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантуу боюнча макулдашууга жетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: