super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүү сунушталууда

 

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрүү пунктунун «күндүз» иштөө режимин «күнү-түнү» иштөө режимине алмаштыруу каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды.

Ага Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосунда 19-апрелде Астанада кол коюлган. Мыйзам долбоорун УКМКнын чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев тааныштырды.

"Каркыра" өткөрүү пунктунун иштөө режимине өзгөртүү киргизүү Кыргыз-Казак чек арасынан өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, ошону менен бирге ички жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү, инфра түзүмүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган", - деди ал.

"Каркыра-автожол" өткөрүү пункту Ысык-Көлдүн Түп районунда жайгашкан, ал 2003-жылы ачылган. Андан сырткары эки өлкөнүн ортосунда дагы төрт көзөмөл-өткөрмө бекети бар. Алар Чүйдөгү “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол” жана Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: