super.kg logo

Аскерде кызмат өтөгөндөр үчүн билим алууда жеңилдик берүү сунушталууда

 

Аскердик кызматты өтөгөн адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуу акысын 50 пайызга төмөндөтүү сунушталды. Тиешелүү документ коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Маткеримов, Динара Ашимова, Марлен Маматалиев, Эрнис Айдаралиев демилгелеген. Негизги максаты аскер кызматкерлеринин мамлекет жана коом алдындагы кызматын таануу, ошондой эле алардын жарандык турмушка андан ары аралашуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

"Милдеттүү аскердик кызматты өтөгөн адамдар улуттук коопсуздукту жана мамлекеттик коргонууну камсыз кылууга чоң салым кошуп келишет. Билим берүү боюнча жеңилдиктерди берүү – бул алардын эмгегин таануу, алар окуу жана кесиптик өсүү үчүн колдоно ала турган кызматта өткөргөн убактысы үчүн ордун толтуруу. Билим алуу боюнча жеңилдиктерди берүү жаштардын аскердик кызматка өтүүсүнө кошумча стимул болуп, жакшы даярдалган аскер кызматчыларынын санын көбөйтүүгө жардам берет. Көптөгөн аскер кызматчылары милдеттүү кызматын аяктагандан кийин жарандык турмушка аралашууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Окуу акысын арзандатуу, аларга ийгиликтүү ишке орношуу жана кесиптик өсүү үчүн керектүү билимдерди алууга жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле документте аталган мыйзам долбоору аскердик кызматкерлерди колдоодо, алардын социалдык адаптациялануусун стимулдаштырууда маанилүү экени белгиленет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: