super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров "Германия – Борбор Азия" саммитинде эмне маселе көтөрдү?

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Германия – Борбор Азия” саммитинде инвесторлорду тартуу жана ишкерлердин укуктарын коргоону жакшыртуу боюнча Кыргызстандын активдүү чараларын баса белгиледи. Саммит бүгүн, 17-сентябрда Астана шаарында өтүүдө.

Мамлекет башчысы анда Германия менен бирдикте Бишкек шаарында Энергияны натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду түзүүнү сунуштады.

"Бул демилгени региондун илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүү жана мындай технологияларды жараткан борборду түзүү менен кошо биргелешип ишке ашыруу бизге суу, энергетика жана башка ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууга жана бүткүл региондун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал Кыргызстан Германия менен, анын ичинде өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизми болгон Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин стратегиясынын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан сырткары мамлекет башчысы кызматташтыкты институтташтыруу максатында, өз ара кызыкчылыктын бардык чөйрөлөрүндө министрлик деңгээлдерде профилдик жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады.

"Германия көп жылдар бою дүйнөлүк экономикада лидерлик позицияны ээлеп келе жаткандыгын эске алып, бул конкреттүү сунуштарды бир кыйла объективдүү талкуулоого мүмкүндүк берет деп ишенем, аларды ишке ашыруу белгилүү натыйжаларга алып келет", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: