super.kg logo

Маданият министрлиги блогер Али Эргешовго эскертүү берди 

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Эл билсин” YouTube каналын жүргүзгөн Али Эргешовго эскертүү берди.

Маалыматка ылайык, 16-августта аталган каналга “9 жаштагы кызга чын эле ыдык көрсөткөнбү?” деген темада репортаж жарыяланган. Маданият министрлиги бул материалда журналисттик ишке байланыштуу мыйзамдардын талаптары одоно бузулганын билдирди.

"Жарыяланган бул видеоматериалдын башында ыдык көрдү деген кыздын апасынын сөзүнөн үзүндү коюлуп, анын артынан 4 адамдын пикири тизмектелген. Алар бир ооздон шектүүнүн жакшы адам экенин айтышкан. Бирок материалдын өзүндө ал адамдардын толук пикири колдонулган эмес. Муну менен автордун жабырлануучу тараптын дооматын жокко чыгарууга аракети байкалат. Кыска айтылган мактоо сөздөрү көрүүчүнү манипуляциянын курмандыгы кылышы ыктымал. Автор материалды даярдоодо аудиторияга өзүнүн пикирин бир нече ирет таңуулаган. Ал “ыдык көргөн кыз ыйламак, качмак, ызы-чуу салмак” деп бүтүм чыгарып, бул багытта адистердин, эксперттин пикирин же расмий мекемелердин маалыматын уккан эмес", - деген министрлик.
Ошондой эле материал кесиптик этиканын талаптарын бузуп, окуя бир тараптуу чагылдырылганы айтылды.
Жогоруда айтылган материалда видеобайкоого жазылган видеолор колдонулуп, жашы жете элек балдардын бети жабылган эмес. Министрлик Али Эргешовдон YouTube каналына жарыяланган материалды ыкчам алып салууну талап кылып, көрсөтмө аткарылбаса жоопкерчилик чаралары көрүлөрүн билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: