Ырчы Амирчик апасынын туулган күнүндө унаа белек кылды (видео)
Ырчы Амирхан Батабаев (Амирчик) апасынын туулган күнүндө ага унаа белек кылды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына видео жүктөп бөлүштү.
"Туулган күнүңүз менен, апа! Кыялыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн рахмат", - деп билдирүү калтырган ал.
Ал эми күйөрмандары видеонун алдына ырчы мырза менен апасына каалоо-тилектерин калтырып өтүшкөн.
Белгилей кетсек, Амирчик учурда 21 жашта. Ал буга чейинки берген бир нече маектеринде апасына унаа белек кылгысы келерин билдирген.
Ырчы Амирчик апасынын туулган күнүндө унаа белек кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.