super.kg logo

Баткендеги курулуш компаниянын директору бир нече алдамчылык фактысына шектелип кармалды 

 

Баткенде курулуш компаниянын директору бир нече алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын сентябрь айында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 9 үйдүн курулушун жүргүзгөн курулуш компаниясынын директору 1990-жылы туулган Г.У. аттуу жаран кармалды.

ИИМден билдиргендей, ал 2023-жылдын март айында Баткен шаарынын тургуну К.М.нын темир иштетүүчү цехинен 1 миллион 145 миң сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын он беш күндө берем деген бойдон из жашырып кеткен.

Ошондой эле арыз менен Баткен шаарынын тургуну Ш.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 2022-жылдын октябрь айында курулуш компаниянын директору Г.У. ооз эки келишим менен күнүнө 20 сомдон деп 100 даана опалубка алып, 2023-жылдын күз мезгилинде 50 даана опалубканы бердирип жиберип, калган 50 даана опалубканы жана ижара акысын бербей качып кеткенин айткан. Натыйжада жабырлануучуга 250 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү Бишкектен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: