super.kg logo
  Саясат  

ТИМ Анкара мэриясы Ататүрк паркын реконструкциялоого макул болгонун билдирди

 

Кыргызcтандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жолугушту. Бул туурасында ТИМ бүгүн, 17-сентябрда билдирди.

Ага ылайык, 16-сентябрда орун алган жолугушууда тараптар Мансур Яваш баштаган Анкара мэриясынын делегациясынын ушул жылдын июль айында Бишкекке болгон иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты.

Элчи Казакбаев Бишкекте кол коюлган Жол картасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоорлоруна, мэриялардын ортосунда тажрыйба алмашуу программасына жана “Бишкекнаабайкана” муниципалдык ишканасынын жабдууларын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурду.

Яваш Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору буга чейин Анкара шаардык кеңешинен макулдук алганын айтып, кыргыз тарап менен кызматташууну жигердүү улантууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулардын алкагында жигердүү кызматташууну жана Бишкек шаарынын мэринин Анкарага иш сапарын уюштурууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: