super.kg logo

Камчыбек Ташиев УКМКнын ардагерлери менен жолугушту (фото)

 

Бүгүн, 17-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери менен жолугуп, аларга өздүк күбөлүктөрдү тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдалды.

Маалыматка ылайык, УКМКнын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү өздүк күбөлүктөр тапшырылган. Алардын арасында Таштемир Айтбаев, Феликс Кулов, Болот Жанузаков, Бусурманкул Табалдиев, Шухрат Атаханов, Турдубек Алмаматов, Мирослав Ниязов, Артур Медетбеков жана башкалар бар экени маалым болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев экс-жетекчилерге бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо, коомдун, анын ичинде эмгек ардагерлеринин жана укук коргоо органдарынын – пенсионерлердин муктаждыктарын камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берген.

"Атайын кызматтардын мурдагы жетекчилери акыркы 4 жылда өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, социалдык-экономикалык бакубаттуулукту жогорулатууну, улуттук коопсуздукту, укук тартибин, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды жогору баалашканы айтылды", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми ардагерлер атайын кызматтын башчысын генерал-полковник аскердик наамынын ыйгарылышы менен куттуктап, ар тараптуу колдой тургандыктарын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: