super.kg logo

Бишкектеги "Фрунзе" заводунда 10 эреже бузуу аныкталды

 
Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан "Фрунзе" атындагы металлпрокат заводунда Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча рейд өткөрүлдү. БУл тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Заводдун аймагында "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесин одоно бузуу фактылары аныкталып, юридикалык жактарга 6 протокол түзүлгөн. ​
"Тактап айтканда, заводдун аймагында жайгашкан чарбалык субъектилердин, цехтердин жана ишканалардын чектеш аймактарында санитардык нормалар сакталган эмес. Антисанитардык абал үчүн салынган айып пулдун жалпы суммасы 78 миң сомду түздү.
Өнөр жай жана курулуш таштандыларын такталбаган жерге чыгарганы үчүн 115-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 92 миң сомго 4 протокол түзүлдү", - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышы жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча бардык менчик ээлерине эскертүү берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: