18 жаштагы атактуу футболчу апасы каршы болгонуна карабай үйлөндү
Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун жана Бразилия курамасынын жылдызы Эндрик сүйлөшкөн кызы Габриэла Мирандага үйлөнгөнүн жарыялады.
Мадриддик клубда биринчи сезонун өткөрүп жаткан 18 жаштагы чабуулчу социалдык тармактагы баракчасына сүйлөшкөн кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады, анда эки жаш тең нике шакек тагынганын көрүүгө болот.
"Эми эки эмес, бир денебиз. Бизди эч ким ажырата албайт. Акыры баш коштук", - деп жазды футболчу.
Буга чейин Эндриктин сүйлөшкөн кызы менен апасынын ортосундагы чыр-чатак жаралганы белгилүү болгон. Футболчунун апасы 21 жаштагы кыз уулун колдонгусу келет деп эсептеп, аны үй-бүлө мүчөсү катары тааныбай турганын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.