super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Москва облусу 2025-жылдан тарта патент менен иштеген чет өлкөлүктөргө чектөө киргизет

 

Орусиянын Москва облусунун администрациясы 2025-жылдын 1-январынан тартып патент менен иштеген чет өлкөлүк жарандарды дүкөндөрдө, тез татым жайларда, социалдык тейлөө, спорт, маданият, эс алуу, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында иштөөсүнө чектөө киргизет. Бул тууралуу ТАСС ведомствосу кабарлады.

Москва облусунун администрациясынын башчысынын орун басары Наталя Масленкина акыркы жылдардагы кардарлар тарабынан түшкөн даттануулардын жогорулашы бул чектөөгө алып баргандыгын белгилеген.

“Биз дагы чектөө киргизген Орусиянын 22 аймагына кошулууну чечтик. Патент менен иштегендерге тыюу салабыз. Өзгөчө социалдык объекттерде, көчөдөгү тамак-аш саткан жайларда чектөөлөр болот”, - деп калтырган билдирүүсүндө.

Ал кошумчалагандай, бул чара мүмкүн болгон чыр-чатакты азайтууга жардам берет.

«Бул тыюулардын киргизилиши менен 5,6 миңге жакын адамга жумуш орундары түзүлөт. Экономикалык жактан караганда бул биздин мекендештерди, ошондой эле ЕАЭБ жарандарын жумуш менен камсыздоодо жеңилдик жаратат”, - деп белгилеген Масленкина.

Патент алган ар бир мигрант же жумуш берген жай oplatipatent.ru сайтына кирип, уруксат кагаздарын мыйзам чегинде текшерип алса болот. Коопсуздук башкы башкармалыгы мыйзам аткарылбаса 1 миллион рублга чейин айып пулдар бар экендигин айтып, июлдан берки рейддерде 153 чет элдик жаран, 92 жумуш берген жай айыпка жыгылганын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: