Зимбабведе элди ачкачылыктан сактап калуу үчүн 200 пил союлат
Зимбабве бийликтери акыркы 40 жылдагы эң катуу кургакчылыктан кийин ачкачылыкка кабылган калкты багуу үчүн 200 пилди союуну чечти.
Эль-Ниньо аба ырайынын феноменинен улам күчөгөн кургакчылык Африканын түштүгүндө эгиндерди жок кылып, 68 миллиондой адамды тамак-ашсыз калтырды.
"Союлган пилдердин эти жабыркаган жамааттарга таратылат",- деп билдирген Зимбабве парктары жана жапайы жаратылыш башкармалыгынын өкүлү Тинаше Фараво.
Зимбабведе 84 миңден ашык пил жашайт, бул 55 миң адамды багуу үчүн иштелип чыккан жергиликтүү жаратылыш парктары үчүн оптималдуу сандан бир топ жогору.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-11-09
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















