super.kg logo

Кара-Көл шаарынын мурунку мэри козголгон эки кылмыш иштин арты менен кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри Е.И. бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кармалды. Бул туурасында бүгүн, 18-сентябрда УКМКнын маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, ага Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Кетмен-Төбө айылына чейинки узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча жоопкерчилиги чектелген коом менен атайылап пайдасыз келишим түзүшкөн. Анын натыйжасында мурда болгон суу түтүктөрү демонтаждалып, сатылып кеткен. Ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылып, буга байланыштуу түтүк өткөргүчтөр пайдаланууга жараксыз болуп, айыл 10 жылдан ашык убакыттан бери ичүүчү таза суу менен камсыздалбай келгендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Ага улай экс-мэр мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү легалдаштырган деп шектелүүдө.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: