"Ак шумкарлардын" коргоочусу Мищенко сүйүктүүсүнө баш кошту



Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Александр Мищенко сүйүктүүсүнө баш кошту. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдигинин Телеграм баракчасына жарыяланды.
Анда кабарлангандай, футболчунун жубайынын аты Айжаркын.
Белгилей кетсек, коргоочу ушул жылдын июль айында сүйүктүүсүнүн колун сураганы маалымдалган болчу.
Мищенко 2017-жылы “Дордой” футболдук клубу менен келишим түзгөн. 2019-жылдын февраль айында Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал 2019-жылдын 11-июнунда Палестина менен болгон беттеште улуттук курама команда үчүн дебют жасаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.