super.kg logo

"Аю Холдингдин" мурдагы президенти уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды

 

Маркум Камчы Көлбаев менен каржылык байланышта болгон "Аю Холдинг" компаниясынын мурдагы президенти О.Б. кармалды. Бул туурасында атайын кызматтын маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, анын Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери, Салимбай байбача менен да байланышы аныкталган. Ал бизнес жүргүзүүдө колдоо алуу максатында мамиле кургандыгы кошумчаланган.

"О.Б. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу тенденцияларды белгилеген. Ошондой эле Кыргызстандын саясий багытын колдоорун билдирип, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме алды.

Азыркы учурда кармалган О.Б.нын өлкөнүн криминалдык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка фактыларын аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: