Грузия парламенти ЛГБТга жана жынысын алмаштырууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды
Грузиянын парламенти акыркы үчүнчү окууда ЛГБТ пропагандасына жана жынысын алмаштырууга тыюу салган “Үй-бүлөлүк баалуулуктар жана жашы жете электерди коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Мыйзамга 84 депутат добуш берди, эч ким каршы чыккан жок. Ал эми оппозиция добуш берүүгө бойкот жарыялаган.
Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы парламентке сунуштаган демилгелерде бир жыныстуу никеге, балдарды асырап алууга жана гетеросексуалдык ориентацияда эмес адамдардын балдарын камкордукка алууга, жынысын алмаштыруу операцияларына, документтерде биологиялык эмес жынысты көрсөтүүгө жана ЛГБТ пропагандасына тыюу салынат. Андан соң мыйзам өлкө президенти Саломе Зурабишвилиге кол коюуга жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-11-09
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















