Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 19-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Таласта түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25.
Бишкек шаарында түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.