super.kg logo

Дубайда учуучу таксилер качан иштей баштаары белгилүү болду

 

Дубайда аба таксилери 2026-жылдын башында ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Дубайдын Транспорт жана жолдор башкармалыгынын транспорттук технологиялар департаментинин директору Халед Аль-Авади билдирген.

"Биз азыр америкалык Joby Aviation аттуу өнөктөшүбүз менен транспорттун өзүн сыноо жана сертификациялоонун үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле биз Skyports британиялык компаниясы менен "вертипорттор" станциясын долбоорлоо этабын баштап жатабыз, ал аларды өнүктүрөт", - деп белгилеген Авади.

Директор Дубайда жалпысынан төрт вертикалдуу такси аэропортун куруу пландалып жатканын кошумчалаган. Ошондой эле аба таксилери үчүн мониторинг жана коопсуздук кызматы түзүлөт.

Ал учуучу таксилердин үнү тик учактын үнүнөн 100 эсе акырын болорун кошумчалаган.

Ал эми Дубайда айдоочусу жок таксилер эмдиги жылдан баштап ишке кирет. Учурда таксилер сыноодон өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: