Ноокенде жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда катталган жол кырсыгында үч адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан бүгүн, 18-сентябрда билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 17-сентябрда Ноокендеги Кыргыз-Коргон айылынан өткөн Бишкек-Ош жолунун 486-чакырымында катталган.
Анда Хонда Жаз менен Мерседес-Бенз Отега үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыкта 33 жаштагы, 17 жаштагы жана 18 жаштагы жарандар окуя болгон жерде каза болушкан.
Учурда териштирүү иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.