Эки кыргыз балбаны Казакстандагы эл аралык турнирде алтын байге утту
Коңшу Казакстандын Атырау шаарында өтүп жаткан "Oil Capital Cup" эл аралык турниринде эки кыргыз балбаны алтын медаль утушту.
Тагыраагы, 60 килограмм салмакта Акыл Сулайманов алтын байге утса, ушул эле салмак категориясында Нурмухаммед Абдуллаев коло байгеге ээ болду.
67 килограмм салмакта Раззак Бейшекеев дагы алтын медалга ээ болду. Финалда ал казакстандык Диас Сайлауов аттуу балбан менен кез келип, 6:0 эсебинде жеңишке жетти.
Ошондой эле 130 килограмм салмакта Эрлан Манатбеков күмүш байгеге ээ болсо, 77 килограмм салмакта Ырыскелди Максатбек уулу коло байге утту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.